Арслан Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Лиза Кёртис менен жолугушту

Бишкекте бүгүн, 19-ноябрда, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Лиза Кёртис менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигинин өнүгүшүн, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы – “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн, алдыдагы маселелерди талкуулады.

«Арслан Койчиев Лиза Кёртисти жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, “Азатттыктын” ата мекендик журналистиканын калыптанышындагы тарыхый ролун жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кошкон салымын белгиледи. Сапаттуу журналистиканын, фактыларды объективдүү текшерүүнүн жана жогорку редакциялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Мамлекеттик катчы ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан заманбап өзгөрүүлөр, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берди» деп айтылат маалыматта.

Лиза Кёртис “Эркин Европа/Азаттык” радиосу тыгыз кызматташууга даяр экендиги белгиленди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты