Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлөт. Парламент шайлоо күнүн белгиледи  

Бүгүн, 24-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Токтом долбоорун жыйынга катышкан 86 депутат колдоду.

Жыйында аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева маалымат берди.

Кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айындагы төртүнчү шаршембиде өткөрүлөрүн кошумчалады.

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында, шаршемби күнү өткөрүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: 24-сентябрдагы жыйындын түз эфиринен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты