Дональд Трамп, Си Цзиньпин жана Владимир Путиндин жолугушуусу Кытайдын Шэньчжэн шаарында өтөт
- 40 секунд мурун
- Жаңылыктар
Шэньчжэн шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путиндин теңдешсиз жолугушуусу өтөт.
АКШнын президенти Трамп Кытайдын Шэньчжэн шаарындагы Азия-Тынч океан мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде Россиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.
Ал эми, бүгүн, бейшемби күнү, алардын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Ал жолугушууда Украиндагы согуш жана ядролук куралсыздандыруу маселеси талкууланары күтүлүүдө.
Ал эми Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин Азия-Тынч океан мамлекет башчыларынын саммитинин катышуучуларынын учурашуу аземинде биринчи кол алышуусу өттү. Буга чейин Си Цзиньпин Трампты аэропорттон тосуп алган. Трамптын алдына кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол, гүл жана амрерикалык желек көтөргөн бийчилер тосуп алган
Шейшемби күнү кечинде Владимир Путин да түн ичинде келип, Кытайын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан.
Сүрөт: GETTY IMAGE




