Өмүрбек Суваналиев: «Жапыкеев экөөбүз Садыр Жапаров менен жолуктук»
- 18 часов мурун
- Видео, Жаңылыктар
Саясатчы Өмүрбек Суваналиев кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн сынактан кулагандан кийин “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен жолугушуу болгонун айтты.
Бул тууралуу ал журналист Майраш Базлакунованын ютуб каналына курган маегинде ачыктады.
Жолугушуугп Сыймык Жапыкеев да барган. Суваналиев жолугушууда президенттикке талапкерлерден кыргыз тили боюнча Б2 деңгээлин билүүнү талап кылуу ашыкча экенин айткан.
Президент болсо басма сөз катчысы Аскат Алагөзовго “сынактан баарын өткөрүп койгула”,- деп буйрук кылган.
Суваналиев бул Конституцияга каршы келерин айтууда. Толугу менен видеодо.
Видео Майраш Базлакунованын ютуб каналынан алынды
Видео: Майраш Базлакунованын ютуб каналынан алынды
Сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




