Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 11-ноябрда, Калмаматов Бактыбек Орозалиевич Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Президентти шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
10-ноябрда президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоодо президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
6-ноябрда Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
4-ноябрда Акай Кыдыров президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбрдук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
27-октябрда Азамат Эсенбеков кайрылган. 14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.
28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин Өмүрбек Суваналиев, Эмил Жамгырчиев билдирди.
Сүрөт: БШК




