Азамат Эсенбеков президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен  БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

Президентикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди. Андан кийин президенттик шайлоого катышаарын Сыймык Жапыкеев айтты.

Сүрөттө: Азамат Эсенбеков. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты