Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды
- 14 часов мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 28-октябрда, Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.
БШК Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктарын билдирди.
27-октябрда Азамат Эсенбеков президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.
14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.
Сүрөттө: Сыймык Жапыкеев. БШК




