Кубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп шайланды

Кубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп шайланды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.

Фондду Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Түркия жана Өзбекстан түзгөн. Фонддун биринчи президенти Багдад Амреевдин ыйгарым укуктары мөөнөтү 11-ноябрда аяктаган.

Кубанычбек Өмүралиев 2022–2026-жылдары Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп иштеген. Ага чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон.

Түрк инвестициялык фонду (TIF) — түрк дүйнөсүнүн экономикалык интеграциясын тереңдетүү жана ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-инвестициялык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн эл аралык каржы уюму.

Фонд аймактагы чакан жана орто бизнестин долбоорлорун каржылап, транспорт, логистика жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт

Сүрөттө: Кубанычбек Өмүралиев. APA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты