Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 12-ноябрына чейин белгиленген.

4-ноябрда Акай Кыдыров Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбрдук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды. 27-октябрда Азамат Эсенбеков кайрылган. 14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген. 28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  кайрылды.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Президентти шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Сүрөттө: Исхак Масалиев. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты