Аймен Касенов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү арызы менен БШКга кайрылды
- 14 часов мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди. Андан кийин президенттик шайлоого катышаарын Сыймык Жапыкеев айтты.
Сүрөт: БШК
Муну бөлүшүү




