«Кыргызстан жеринин бүтүндүгүн кашык каным калганча талашканга укугум бар!» Азимбек Бекназаровдун абактан каты

Төңкөрүш жасоого даярдык көрдү деген айыпка шектелип кармалгандардын арасынды Азимбек Бекнааров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Азимбек Бекназаров СИЗО №1 де камакта жатып, кат жазды. Кат анын уулунун Фейсбук тармгында уулу Руслан Бекназаровдун баракчасында жарыяланды.

-Урматтуу мекендештер!

Эки дос! Бийлик бизди, 22 адамды, өлкөдө массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүшкөн деп, мыйзамсыз камап олтурушат!

Биздин саясат, көз карашыбыз ар түрдүү, саясат уюмдары да ар түрдүү. Бирок “Кемпир-Абад” маселесинде бир пикирдеги инсандар.

Мындан ары Кемпир-Абадды кантип сактап калабыз деген максатта кеңешүүгө чогулганбыз.

Жыйында ар түрдүү пикирлер айтылды, бирок массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү жөнүндө эч ким айткан эмес.

Президент баш болуп Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүү жыйыны деле болуп жатпайбы. Эмне үчүн ага каршы пикирдеги адамдар жыйын өткөрсө ал кылмыш болуп калат да, ал эми бийликтики болбойт?

Бизди камоонун максаты Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп бергиче бизди түрмөдө камоо, анан кошоматчы П.К.А.С.Стар менен эч каршылыксыз кол чабуулар, ушунчалык сүйүнүч менен Ш. Мирзиеувге Кемпир-Абад суу сактагычты өткөрүп берүү болуп жатат.​

Урматтуу Президент!

Атайын, мүмкүн буйрутма жыйынга кеңешели деп, бизди топтоп, анан “оптом” камап салуу планыңар болгондугу эми белгилүү болуп калды!

Силерге эптеп Кемпир – Абаддын берилишине каршыларды топтоп, анан камап салганыңар чоң жеңиш болду.

Ал кеңеш жыйында эч ким массалык башаламандыкка даярдык көрөлү деп айткан жок.

Сизге жана Жогорку Кеңешке мыйзам чегинде таасир берүү, Кемпир-Абадды сактап калуунун жолдору боюнча ой-пикирлер айтылды.

Сиздер үчүн камаганга адам болсо, берене табылат принциби маанилүү болуп жатат.

Бирок, урматтуу Президент, жыйынды сизге эч кандай оппонент болбогон аялдар, жаштар камалып олтурганы мыйзамга эмес, адамгерчиликке да жатпайт.

Аялдарды токтоосуз кое беришиңиз керек!

Бул биз сиздин курултайга альтернатива катары элдик курултай өткөрүү жана аны уюштуруу демилгечи топ түзүлгөн.

Күн тартибиндеги “Кумтөр” алтын кени, Баткен окуялары, чек ара жана саясий куугунтуктар боюнча атайын коомдук комиссия түзүлгөндүгүн атайын расмий билдирип, ал коомдук комиссияларды куугунтуктабоо максатында алдын ала тизмесин да жибердик эле.

Бүгүн алардын бир нечеси кармалып олтурат ( А. Акматов, А. Бузурманкулов жана башкалар, ММКда жарыяланган тизмеси), анткени алар сиздин, эки достун буйругу менен камалып олтурушат. Муну кандай түшүнөбүз? Аларды бошотууну суранам!

Акыркысы:  

Урматтуу Президент! Сизге эң башкысы кандай жол менен болсо да, мени ооздуктоо керек эле, ал үчүн кызматтан адилетсиз кетирдиңиз! Мен үчүн уулум Бекназаров Русланды эки айдан бери камап олтурасыз!

Эми мени оппозициялык кыймыл уюштурган жыйынга катышканым үчүн камап, эптеп максатыңызга жеттиңиз!

Мен азыр силердин колуңардамын, соттосоңор да, өлтүрсөңөр да өз эркиңер, эми уулумду камактан чыгаргыла!

Атасы үчүн уулумду, анын үй-бүлөсүн азапка салбагыла. Бекназаровдун үй-бүлөсү сизге, досуң экөөңөргө эч качан жамандык кылган эмес!

Өчүңөр болсо менден алгыла мүмкүн А. Акаевдин өчүн алып берип жатасыңар.

Ал эми Кумтөр алтын кендин баасы 3 млрд. доллардык Кыргызстандын акциясы “Пустой” кагаз эместигин, экологиялык зыяндарын ,,Ормон опуза “ эмес, чын экендиги, акыркы жылдары өндүрүлгөн алтындардын, сиздин жакындарыңыз тарабынан чачылып жатканы, ошондой эле Кемпир -Абадды Өзбекстанга табышмактуу түрдө өзүбүздүн жерди Кемпир-Абад үчүн алдык деп “элди келесоо” эсептегениңер боюнча ал менин пикирим.

Ал жеке менин пикирим, үй-бүлөмдүкү эмес!

Сиздер же мен туура экенин тарых, мезгил өзү тастыктайт.

Кеч боло элегинде “тарых үчүн” “келечек муун “ үчүн жогорудагы кетирип жаткан кемчиликтерди оңдоого дагы деле чакырам!

Бектер келип- кетет! Ал эми жерибиз, элибиз жок дегенде, өзгөрүүсүз кемибей калыш керек!

Мен сизден бийлик сураган же талашкан жокмун, андай оюмда жок.

Бирок кийинки муунга Кыргызстан жеринин бүтүндүгүн, кыргыздын намысын ким менен болбосун кашык каным калганча талашканга укугум бар!

Сиздерди урматтоо менен,

А. Бекназаров

СИЗО-1.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалды.

Адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

24-октябрда Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине акыркы окуялар боюнча маек берип, мындай деген:

— Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен, деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары ал кармалгандардын ишине кийлигише албасын белгилеп, укук коргоо органдары чечим чыгарарын, андан соң кайрылгандарга ырайым берип, камактан бошотууга укуктуу экенин кошумчалады.

Оппозициячыл саясатчылардын жана активисттердин кармалышында мыйзам бузуулар аныкталбаганын ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди.

Азимбек Бекназаровдун «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүнө берген маеги бул шилтемеде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты