Камактагы Ташов президент Жапаровго дагы кайрылуу жолдоду
- 4 часа мурун
- Баяндар
Камакта отурган ишкер Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго дагы кайрылуу катын жазып, абактагы өзүн кыйноолорго реакция кылууну суранды.
-Ушунча далил маалыматты жаап- жашырыш учун УКМК, тергөө ур- токмокко алып, токко урдургандарын көп жолу прокуратурага жаздым. Бүгүнкү күнгө чейин бир да прокурор иликтеп, сураган да жок. Силерди ишендирип, реакция кылышыңар үчүн сөзсүз бирөө жарым өлүп калыш керекпи?-деп жазды Имамидин Ташов абактан президентке кайрылуусунда.
Имамидин Ташов абакта кыйноого алуу фактылары тууралуу башкалар да айтып жатканын жана өзүндө далил-маалыматтар аз эмес экенин айтып, президентке кайрылды.
-Мейли, мага ишенбедиңиз дейли, бирок тергөө кыйноосунан майып болуп калган Бакай Кудайбергенов токко отургузулуп, ур токмокко кабылдым деген. Аскат Жетигендин, кыйноодон кийин атасынын өлүп калганын айтып чыккан жалалабаддык айымдын окуялары жетишсизби? Ал эми видеодогу 450 миң доллар УКМКнын акчасы. Ошондуктан ал акча бирөөгө берилген жок, анча сумма менен бирөө- жарым кармалган жок жана кылмыш ишинде да жок. Ал сумманы 2023- жылы 8-декабрда УКМКнын эки кызматкери -Ж. Э.,Т. Ж. мени соттон кыйнап, коркутуп, “Хаят” отелине уурдап алып барышып, алдын ала өздөрү даярдаган бир сумка акча — 450 миң доллар менен тартып алышкан видео. Ошол кызматкерлер менен болгон вотсап жазуулар да бар. Мени уурдап, ташып жүргөн унаа ак түстөгү (281 AFZ) номерлүү Lexus унаасы болчу.
Мындан артык силерге кандай далил керек?-деп жазды Имамидин Ташов абактан.
Буга чейинки президентке жазган кайрылуусунда абактагы ишкер Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдоду. Кайрылуууда ишкер камалып жаткан иштин жагдайын түшүндүрүп, бул иште ал УКМК кызматкерлеринин курмандыгы болуп калгандыгын белгилеген.
Ал кайрылууда 2026-жылы 12-октябрда Ташов өзү төрөлүп-өскөн Кадамжай жергесине барып, калың элдин алдында президенттин анын кылмыш иши тууралуу айткандары чындыкка дал келбесин айткан.
Биринчи, Көлбаевдин балдарына 450 миң АКШ долларлык квартира жана башка мүлк бергендигимди айттыңыз. Урматтуу, президент мырза, ушул 44 жашыма келип бир да кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүнө бир сом берген адам эмесмин жана алар менен мамиледе болуп, эч качан иш кылбагандыгымды жоопкерчиликтүү айта кетейин. Мени соттогон кылмыш иште 450 миң АКШ долларлык мүлк берген адам жок, алган адам жок, алган же берип жаткан учурда кармалган жан жок. Эң кызыгы 450 миң АКШ доллар деген сөз да, сумма да, мойнума койгон далил да жок.
Экинчи: “Чек араны бузду” дедиңиз. Ал маселе боюнча башында тергөөчү жакшы эле кооздоп, токуп аракет кылган. Бирок сотто өздөрү уят болуп, ал берене боюнча далилдердин жоктугунан сот мени толугу менен актаган.
Үчүнчү: Президенттик шайлоода болгону 120 миң доллар короткондугум тууралуу бүтүн документтер жана квитанциялар бар экендигин баса белгилеймин. Республика боюнча бир да банер илбей, телевизордон эфир сатып албай ,элдин жакшы эле колдоосуна ээ болуп, элге дайым таазим этээримди билдире кетемин.
Мен өз чындыгым үчүн аппарат ( полиграф, жалганды аныктоочу детектор) аркылуу текшерүүдөн өтүүгө да даярмын. Акыркы 2 жылда мага карата кылмыш ишин колдон келишинче кооздоп токуп, мен тааныбаган казак жаранын ишке кошууга аракеттенишип, Т.Куренов менен тааныштырышып, мени кыйнап коркутуп, сүйлөштүрүп аягында бийликти басып алууну мойнума алдырышканы аракет кылып, токко отургузду. Мен баарын Кудайга салдым. Убакыт жана тарых бүгүн болбосо, келечекте өз баасын берет. Түрмөлөрдө кыйноолордон майып болуп калгандарды, иштери токулуп менен камалгандарды, жалган-жалаа менен далилсиз соттолгондорду көрүп, жалгыз эместигиме ишендим, -деп жазган Имамидин Ташов кайрылуу катында.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 2024-жылы 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү” деген Имамидин Ташов.
Сүрөт: 14-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника»




