Кадыр Атамбаев: “Кыйноо менен коркутуп келишти. Булардын баары мени курчутту”. ЖАМК билдирүүгө жооп берди

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абакта жаткан кенже уулу, “Социал-демократтар” партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп берди.

“Тергөө изоляторлордо жаткан кармалган бардык адамдарга карата мыйзамдуулук, коопсуздук жана адам укуктарын сактоо принциптери так камсыздалат. Ар бир кармалган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, медициналык кароодон өткөрүлүп, алардын ден соолугу туруктуу көзөмөлдөнөт. Учурда айыпталуучу тарабынан денесине залал келтирүү, күч колдонуу же кыйноо боюнча медициналык кызматкерлерге же администрацияга расмий кайрылуу түшкөн эмес” деп билдирди ЖАМК.

Буга чейин “Социал-демократтар” партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев 75 чилердин каты боюнча сот өкүмү чыккандан кийин билдирүү жасап, ал социалдык тармактарга жарыяланган.

“Уюшкан кылмыштуу топ жана курал менен эч кандай байланышым болгон эмес. Бул ойдон чыгарылган нерсе. Мени атамдын үй-бүлөсүн шантаж кылуу үчүн барымтага алган болушу керек. Кош стандарт колдонулганы баарына көрүнүп турат. 75чилердин иши боюнча тергөөнү бир айда бүтүрө салышты, ал эми Атамбаев менен Султанбековдун ишинде 7 эсе көп, 7 ай тергөө жүрдү. Бул — тарыхый теңсиздик. Мен өзүмдү Максим Бакиев же Айдар Акаев сыяктуу алып жүргөн жокмун, банк ачкан эмесмин, бизнести рейдерлик кылган эмесмин, эл аралык мафияда акча адалдаштырган эмесмин, инвестициядан же бажыдан акча өндүргөн эмесмин. Бирок мен 8 айдан бери түрмөдө отурам, кантала жана таракандар менен. Ал эми өлкөгө Максим келип, Ширшов өз фондун ачып жатат» деп жазды Кадырбек Атамбаев.

Ошондой эле Кадырбек Атамбаев абакта аны кыйноо менен коркутуп келишкенин да билдирди:

“Мени башынан бери эле кыйноо менен коркутуп келишкен, колумду кайрып, камера болбогон жерде сабап калалы дешчү, жашыруун кызматкерлери бар камерага жаткырышты, ооруп жаткан камералаштарды кыйнашты, мени коргогону үчүн аларды жазалашты, мени сындыруу үчүн күн сайын тинтүү жүргүзүштү, апамдын, үй-бүлөмдүн каттарын алып коюп жатышты, бирок булардын баары мени курчутту. Ушулардын баарына карабай, мен адилеттүүлүккө  ишенем, күн чыгаар алдында дайыма караңгы түн болот” деп билдирди Кадырбек Атамбаев.  

Кадыр Атамбаев: “Кыйноо менен коркутуп келишти. Булардын баары мени курчутту”. ЖАМК билдирүүгө жооп берди

 

 Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.

Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган.

Сүрөттө: Кадырбек Атамбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты