Кезектеги президенттик шайлоодо атаандаштык болобу? Равшан Жээнбековдун абактан каты
- 2 недели мурун
- Баяндар
№27 түзөтүү мекемесинде жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу абактан коомчулукка кат жолдоп, ал шайлоо атаандаштык болобу деп суроо салды. Камактагы саясатчынын каты Фейсбук баракчасына жарыяланды.
-Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 35 жылында кезектеги президенттик шайлоо өткөнү турат. Ал шайлоо атаандаштуу шайлоо болобу? Чыныгы атаандаштуу президенттик шайлоо эркин жана укуктуу өлкө курабыз деген улут үчүн эң негизги фундаменталдуу талаптардын бири. Себеби бийликтин шайлоо аркылуу тынч алмашуусу, саясий атаандаштыкты татыктуулардын ичинен татыктууунун утушу өлкөгө саясий стабилдуулук жана шайлоо мамлекеттик институттарга элдин ишенимин алып келет,-деп жазды Равшан Жээнбеков.
35 жылдык тарыхта атаандаштуу президенттик шайлоо жокко эсе экенин айтты.
-Саясий репрессия адам укугун, эркиндиктерди чектеген негизги куралга айланды. “Бийликти басып алуу”, “Башаламандык уюштуруу”, “улуттар регионалдык кастыкты козутуу” беренелери боюнча жасалма кылмыш иши ачылып, соттолбогон бир дагы эгемендүү саясатчы, журналист жана жарандык активист калган жок,-деди Жээнбеков катында.
-Ушундай катаал шарттар жана фактылар менен атаандаштуу шайлоо, саясий атаандаштык жаратуу мүмкүнбү?-деп суроо салды Равшан Жээнбеков.


2025-жылы 23-октябрда Бишкек шаардык сотунда Кой-Таш окуясы боюнча иш каралып, Биринчи май райондук сотунун өкүмү дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Саясатчы Равшан Жээнбековго 7 жыл 8 айга эркинен ажыратуу жазасы берилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкинага добуш сатып алуу боюнча кошумча жаза, жалпы 8 жыл мөөнөт берилди.
2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда улантылган.
2025-жылы 3-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү угузду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын кайтарып алуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен саясатчы Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Эми Ирина Карамушкинанын жазасы жалпы 8 жыл берилип, мурда чыгарылган пробация режими жалпы режимдеги абакта өтөө менен, үй-мүлкү конфискациялоого алуу чечими чыкты.
Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту караган.
2019-жылдын 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.
Сүрөт: Социалдык тармактан




