Аскат Жетиген бир айдын тегерегинде абактан чыгат. Анын саламаттыгы начарлап жатканы айтылды

  • 1 месяц мурун

Активист, ырчы Аскат Жетиген абакта саламаттыгы начарлап жатканын билдирди. Бул тууралуу Аскат Жетиген укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасуловага өзү жаткан №47 абактан жазган катында билдирди.

“Убакыт аз калган сайын күндүн өтүшү жайлап жатат. Негизинен абалым дурус болгону менен ден соолугум начарлап жатат. Балким күндүн ысыгынан, балким тамактын аздыгынан. Сууктап, ичим жана башым көп ооручу болду” деп жазды Аскат Жетиген катында.  

 

Гүлшайыр Абдирасулова Аскат Жетиген 19-августта чыгарын, ага чейин ал жаткан №47 колонияга тамак-аш — сорпо, бешбармак, плов, дары-дармек, суусундук киргизсе болорун кошумчалады.   

Аскат Жетиген бир айдын тегерегинде абактан чыгат. Анын саламаттыгы начарлап жатканы айтылды

2025-жылы 18-мартта Жогорку сотто ырчы, активист Аскат Жетигендин иши каралып, райондук жана шаардык соттордун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди 3 жылга кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айып коюлган. Аскат Жетиген өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Аскат Жетиген — ырчы, комузчу, обончу, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган.

Сүрөттө: Аскат Жетиген. Сотто. 25-июнь 2024-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты