Экс-депутат Төрөкулов камактан бошотулду
- 14 часов мурун
- Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкуловго 100 миң сом айып салынып, камактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарган.
Экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылган.
Дүйшөн Төрөкулов 2026-жылдын июнь айында кармалган. ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында жана Орусиянын Свердлов облусунда бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө сөз болуп жаткан топко Дүйшөн Төрөкуловдун тиешеси бар экени аныкталган.
Эк-депутаттын автоунаасын текшерүү учурунда 5 грамм психотроптук зат табылган.
Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Бир Бол» партиясынан депутат болгон.
Сүрөттө: экс-депутат Төрөкулов. Интернет булактарынан




