Куреновдун тергөө абагында отурганына бир жылдан ашты, мыйзам боюнча аны бошотуу керек. Адвокаттын кайрылуусу

Тилекмат Куреновдун тергөө абагында отурганына бир жылдан ашты. Анын адвокаты Асел Аргымбаева Куреновду мыйзам боюнча бошотуу керектигин айтып, президент Садыр Жапаровго жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылуу жазды.

Кайрылууда адвокат Асел Аргымбаева Тилекмат Куреновдун иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралып жатканын, тергөө абагына 2025-жылдын 19-апрелде алынганын, кылмыш иши сотко 2025-жылдын 10-ноябрында өткөнүн, анын мыйзамсыз кармалып жатканын айтты. Куреновду жактоо тарап төрт жолу аны бошотуу тууралуу сотко арыз жазганын, бирок өтүнүч канааттандырылбаганын билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Тилекмат Куреновдун соту бүгүн, 6-ноябрда да болуп, аны бошотуу өтүнүчү аткарылган жок. Тилекмат Куренов ден соолугунан жабыр тартып, «Тез жардам» чакырылганы белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 2025-жылы 19-апрелде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден  кармалып, Кыргызстанга жеткирилди (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.).

Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.

Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта да кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөттө: Тилекмат Куренов. Социалдык тармактан 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты