Президент сот адилеттигинде көйгөй бар экенин белгиледи  

Президент сот адилеттигинде көйгөй бар экенин айтты. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде өлкөнүн алдыдагы беш жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык милдеттерин белгилөө учурунда айтты.

-Мен аймактарды кыдырып жүрүп, карапайым эл менен жолугушууларда негизги көйгөйдү байкай алдым. Коомчулукта “адилеттүүлүк жок” деген нааразы маанай калыптана баштагандай. Демек, сот адилеттигинде көйгөй бар. Биз аларды тез аранын ичинде жоюшубуз зарыл, -деди президент Садыр Жапаров.

 -Мыйзам алдында эч ким күчтүү да, алсыз да болбошу керек. Мыйзам алдында баары тең болот. Көз карандысыз, эч кимге жана эч нерсеге сатылбаган, кесипкөй сот ушул теңдиктин анык кепилдиги болушу керек.  Сот сөзсүз түрдө жеке менчиктин кол тийбестигин, инвестициялардын коопсуздугун, ар бир жарандын укуктарын коргоп, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого тийиш. 

Биз сот адилеттигине саясий, административдик же башка мыйзамсыз кийлигишүүгө каршы катаал институционалдык тосмолорду түзөбүз.

Сот корпусунда жоопкерчиликтин сөзсүз болушунун катаал принциби иштейт. Коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана судьялык этиканын бузууга токтоосуз жана аёосуз чаралар көрүлөт. Соттордун абсолюттук ачык-айкындуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Жаран соттук чечим кандай кабыл алынып жаткандыгын так билиши зарыл. Ал өз ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты ээн-эркин алууга укуктуу жана соттун чечими бир гана мыйзамга негизделип чыгарыларына ишенгендей болушу керек, -деп белгиледи президент. 

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты