Камактагы Тилекмат Күреновду үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды
- 22 часа мурун
- Жаңылыктар
Тилекмат Күреновду (Тилекмат Кудайберген уулу) үй камагына чыгаруу өтүнүчү дагы четке кагылды. Бул тууралуу чечимди 30-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарды.
21-октябрдагы сот отурумунда да Тилекмат Куреновду үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган эмес.
Жактоочу Асел Аргынбаева Куренов камакка алынганына бир жылдан ашып кеткенин, ал эми мыйзам боюнча шектүүнү тергөө абагында бир жыл гана кармоо каралганын, ошондуктан бошотулушу керек экенин соттон суранган.
15-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы каралып, 19-сентябрга чейин камакта калтыруу чечими чыгарылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 2025-жылы 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилди (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.).
Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.
Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта да кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.
Сүрөттө: Тилекмат Куренов. Социалдык тармактан




