Райондук сот “Клооптун” материалдарын бөлүштү деп Бактыбек Молдалиевди үч жылга эркинен ажыратты
- 19 часов мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 11-ноябрда “Клооп” басылмасынын материалдарын бөлүштү деп Бакытбек Молдалиевди үч жылга эркинен ажыратты.
Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, Октябрь райондук сотунун судьсы Б. Алибаев Бактыбек Молдалиев үч жыл эркинен ажыратылсын деп чечим чыгарган.
“Сот өз чечимин лингвист эксперттин корутундусуна таянып чыгарды. Башка далил жок. Бирок, экспертиза далил эмес, анткени лингвист эксперт укуктук суроого жооп бергенге укугу жок болчу” деди Карасартова.
Соцтармактын колдонуучусу Бактыбек Молдалиев эки айга камакка алынган. Бул тууралуу бөгөт чара чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.
Бактыбек Молдалиев кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү маасалык баш аламандыкка чакырыктарга шектелүүдө.
Социалдык тармактарда Бактыбек Молдалиев активдүү колдонуучу, коомдук-саясий маселелер боюнча сын пикирлерин айтып келет.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2025-жылы 27-октябрда райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.
Сүрөт: Соцтармактан. Карасартованын ФБ баракчасынан




