2 000 сом пара үчүн 2 жылга камоо: Мыйзамдын талабыбы же адилетсиздикпи?
- 7 часов мурун
- Баяндар, Видео, Фактчекинг
2 000 сом пара берип 2 жылга камалды делген жарандын маселеси кайрадан талкуулана баштады. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев мыйзамдарда кемчилик бар экенин айтып, өзгөртүү киргизүү керектигин билдирди.
Медербек Сатыев:
“Ушул эки миң сом интернетти жарып атат. Эмне үчүн биз эки жылга камадык? Анткени мыйзам жол бербейт, биз башка альтернативдик жаза колдоно албайбыз”
Эске салсак, өткөн аптада президент эл менен жолугушуу учурунда, камалып кеткен кишинин уулу анын атасы МАИ кызматкерине 2000 сом пара берди деген негиз менен 2 жылга камалып кеткенин айтып арызданган. Президент ага жооп бергенде бул иште адилеттүүлүк болбой калганын белгилеп, сотторду жана прокурорлорду уяткарган эле.
Садыр Жапаров:
“Уят бул ай, соттор үчүн да, прокурорлор үчүн да уят. Ойлонушуңар керек эле да, чечим чыгарарда. Болбойт го (че то бул не то го), прокурор баш болуп артынан түшүп алып жатса. Биринчиден акталдыбы, штраф эле салып койсоңор болот да. 2 миң сом пара берип камалдыбы, 20 миң штраф салып чыгарып койгула. Мына ошол жаза”
Чын эле жарандар пара бергени үчүн абакка кесилип кетиши мүмкүнбү? Эмне үчүн соттор мындай өкүмү чыгарып жатышат? Талдап көрөлү.
Ооба, азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, пара берүү үчүн 5 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.
Эмне үчүн?
2024-жылы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир катар мыйзамдарга катаал өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын катарында «Пара берүү» беренеси да бар.
Мурда пара бергендерге жаза катары айып пул салуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык айыппул жазасы таптакыр алынып салынган. Башкача айтканда, соттор камакка алуудан башка жаза колдоно албайт.
Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү ошол кездеги УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев демилгелеген. Ал коррупция менен күрөшүү жаатында мыйзамдар жеңил жазылганын сындап, пара бергендер да, пара алгандар да камалышы керектигин айтканы бар.
Камчыбек Ташиев
“Демек, биз мыйзамдын чегинде мыйзамдарды өзгөртүү менен, коррупцияга каршы күрөштү катаалдантышыбыз керек. Коррупцияга каршы күрөш катаал болушу керек. Коррупцияга илинген адамдар эч качан экинчи коррупция кылганга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек.”
Кийин ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон. Ошентип, мыйзам күчүнө кирген.
Сиз кандай ойлойсуз?
Пара берген жарандарды да катуу жазалаш керекпи же негизги жоопкерчилик пара алган кызматкерде гана болушу керекпи? Пикир жазыңыз!
Сүрөт коллажы: Медербек Сатыев жана жолугушууда арызданган жаран




