Депутат Жаныбек Абиров мандатын тапшырарын билдирди

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арыз жазды.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында билдирди.  

-Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.

Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым.

Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм.

Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын, -деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган.

11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болгон.

Депутат Жаныбек Абиров мушташка байланыштуу кечирим сураган.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети Башкы прокуратуранын Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча парламенттик комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Комиссиянын чечими боюнча комитет маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыкмак.

Айта кетсек, Жаныбек Абиров 2021-жылы Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан шайланган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты