Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого талапкер болуу ниети бар экенин билдирди
- 3 недели мурун
Саясатчы Өмүрбек Суваналиев кезектеги президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниети бар экендигин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген маегинде айтты.
Суваналиев президенттик шайлоодо атаандаштар болушу керектигин, оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө аракет жасарын жана өзү талапкерлигин коюу ниети бар экендигин айтты.
Өмүрбек Суваналиев мурдагы ички иштер министри, Нарын, Талас облустарынын губернатору, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтарын аркалаган. 2011-жылы президенттик шайлоодо талапкер болгон.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-сентябрда, чечим кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого бара тургандыгын билдирип келет.
Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык, депутаттар да, президент да талапкер болуп катталса, өз ыйгарым укуктарын токтотпой, улантып кете берет.
Сүрөттө: Өмүрбек Суваналиев. «ПолитКлиника»




