Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер тиешелүү кол топтоду
- 2 минуты мурун
- Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов Кыргызстандын президенттигине талапкер катары катталуу үчүн зарыл болгон шайлоочулардын электрондук колун топтоду.
Кол топтоонун электрондук системасы берген маалыматтарга ылайык, 27-ноябрга карата аны 30 миң 440 жаран колдоп, кол коюп берген.
Ага чейин талапкер болууга арыз берген Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Исхак Масалиев, Сыймык Жапыкеев жана Клара Сооронкулова жетиштүү электрондук кол топтошкон.
13-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.
Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 7-декабрга чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.
Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат
Президенттикке талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.
Президентти шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Сүрөттө: Бактыбек Калмаматов. БШК




