Экс-депутат Эмил Жамгырчиев президенттикке талапкерлигин коюу ниети бар экенин билдирди   

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты Эмил Жамгырчиев президенттикке талапкерлигин коюу ниети бар экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

-Президент Садыр Жапаров калың журт алдында ар бир жарандын президенттикке аттанууга укугу бар, эч кимге бут тосуу, тоскоолдук болбойт деген кепилдигин берди. Ошону эске алып, мен да талапкерлигимди коюуну ойлонуп турам, -деди Эмил Жамгырчиев.

6-ноябрда Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.

Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 12-ноябрына чейин белгиленген.

4-ноябрда Акай Кыдыров Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбрдук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды. 27-октябрда Азамат Эсенбеков кайрылган. 14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген. 28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  кайрылды.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Президентти шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Сүрөттө: Эмил Жамгырчиев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты