Атай Бейшенбек “Кемпирабадчыларды” Камчыбек Ташиевге жооп узатууга чакырды
- 2 недели мурун
Кемпир-Абад иши боюнча камалып, жакында акталган активист Атай Бейшенбек Камчыбек Ташиевдин бүгүн, 29-апрелдеги кайрылуусу боюнча “Кемпирабадчыларды” ага жооп берүүгө чакырды.
“Камакта жатсак да, күнү-түнү камераны тинтип, басым-кысым көрсөтүп, актоо өкүмүн чыгарган Биринчи Май райондук соту Марат Сыдыковго куугунтук кылганын ким танат? Акыры Маратты кет деп, ал арызын жазганда Садыр Жапаров арызын артка кайтарганын ким танат?! Камчыбек Ташиев 25 кишинин акталуусун мисал келтирем деп — бизге микрофон узатты, келгиле жооп берели” деди Атай Бейшенбек.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 29-апрелде кайрылуу жасады.
Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам, -деди Камчыбек Ташиев
-Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын,-деп билдирди Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкканы ЖМКда кабарланды.
27-мартта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актоо боюнча өкүмүн күчүндө калтырды.
2024-жылдын 4-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.
Сүрөт: Акталган «кемпирабадчылардын» бир тобу




