Соттор кемпир-абадчылардын ишин ачык кароодон баш тартышты
- 4 недели мурун
Бүгүн, 17-январда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум жабык түрдө өтүп, ал кийинкиге жылдырылды. Шаардык соттун судьялары сот ишин ачык кароодон баш тартканын саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.
«Мен Бишкек шаардык сотуна Кемпир-Абад ишин мыйзамга ылайык, эл билсин, кыргыз эли көрсүн деп ачык өткөрүү боюнча өтүнүч келтиргем. Бүгүн соттор Мирад Динеев, Алмаз Калбаев жана Сүйүнбек Бекташов мурдагы тергөөчүнүн чечимине таянып, сотту жабык өткөрөбуз деп чечишти»,- деп айтты Жээнбеков.
Ошондой эле саясатчы Кемпир-Абад ишинин шаардык сотто сот арачыларынын катышуусу менен каралышы боюнча кемпир-абадчылардын талабы прокурорлор тарабынан четке кагылганын, алар бул талапты аягына чейин коргогонун жана мындан улам судья бул талапты кеңешүү үчүн сот ишин кийинкиге жылдырганын билдирди.
Эске салсак, 2024-жылдын 4-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.
Кийин 12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.
Сүрөт: интернет булактары