Рита Карасартованын камактагы мөөнөтү 12-июнга чейин узартылды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 30-апрелде, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту белгилүү укук коргоочу Рита Карасртованын камактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узартты. Бул тууралуу анын кызы Касиет Мамырбай Фейсбук социалдык тармагында билдирди.

Буга чейин сот Рита Карасартованы 12-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Анын кармалышы негиздүү, бирок мыйзамсыз деп табылган.

Укук коргоочу Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынган. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.

Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Кат БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.

Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.

14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн Тилекмат Куренов БАЭден  кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. 

21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.  

Сүрөттө: Рита Карасартова. 2025-жылдын 30-апрелиндеги сотто. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты