Рита Карасартова 48 саатка камалды
- 4 дня мурун
Укук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка камалды. Бул тууралуу «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактарда билдирди жана адвокаты Жаныш Бараков ЖМКда тастыктады.
Маалыматка караганда, Рита Карасартова Ысык-Атадагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Ага
«278-берененин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту менен иш козголгон, бирок айып коюлган эмес.
Буга чейин Рита Карасартованы Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.
Карасартованын айтымында, үйүн тинтүүгө ага жарыялооого жолдонгон активист Тилекмат Куреновдун каты себеп болушу мүмкүн. Бирок Куренов катты СМС менен эле жибергенин, үйүндө катылуу эч нерсе жоктугун билдирди. Ал Фейсбук баракчасында Тилекмат Куренов жарыялоого жиберди деген кат жарыяланган. Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Катта БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.
Бүгүн, 14-апрелде, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.
Сүрөттө: Рита Карасартова. Интернет булактарынан