Куренов менен байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалды
- 5 дней мурун
- Видео
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) кызматкерлери тарабынан өлкө аймагында мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригишип, Чүй облусунда жана ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында массалык башаламандык, нааразычылык акцияларын өткөрүүгө даярдык көрүүгө шектүү топ боюнча маалымат түшкөн.
Бул тууралуу Чүй ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
«Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык баш аламандык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы топтун активдүү мүчөсү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну, 1978-жылы туулган С.Ф. аттуу жаран аныкталып, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. 2025-жылдын 12-апрель күнү С.Ф. аттуу жаран жаза-процессулдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген» деп айтылат маалыматта.
Ошонжой эле дагы бир жаран кармалганы да маалымдалды.
«Бул факт боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган М.О. аттуу Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча каражаттарын легалдаштырууну, банктык операцияларды жүргүзгөнү жана Тилекмат Куреновдун жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видео материалдарын монтаждап даярдап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жайылтканы аныкталган. Учурда 1998-жылы туулган М.О. жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген».
Тергөөнүн жүрүшүндө Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү далил буюмдар алынып, тергөө иштери уланып жатканы айтылат.
Ал эми социалдык тармактарда чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Куреновдун байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланууда.
Сүрөт: Чүй ИИББ басма сөз кызматы