Рита Карасартованы милицияга суракка алып кетишкени айтылды
- 4 дня мурун
Укук коргоочу Рита Карасартованы Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына суракка алып кетишти. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучу Erkina Mukash социалдык тармакта жазды.
Буга чейин Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.
Карасартованын айтымында, үйүн тинтүүгө ага жарыялооого жолдонгон активист Тилекмат Куреновдун каты себеп болушу мүмкүн. Бирок Куренов катты СМС менен эле жибергенин, үйүндө катылуу эч нерсе жоктугун билдирди. Ал Фейсбук баракчасында Тилекмат Куренов жарыялоого жиберди деген кат жарыяланган. Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген.
Бүгүн, 14-апрелде, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.
Сүрөттө: Карасартованы суракка алып бара жатышат. Соцтармактан