Сот Рита Карасартованы 12-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды

  • 1 месяц мурун

Белгилүү укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 17-апрелге караган түнү каралды. Сот Рита Карасартованы 2025-жылдын 12-майына чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармакта билдирди.

Ушул эле сотто Рита Карасартованын кармалышы негиздүү, бирок мыйзамсыз деп табылды.

Буга чейин Рита Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынган. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Укук коргоочу Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.

Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Кат БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.

Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.

14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.

Сүрөт: 16-апрель 2025-жыл. Свердлов райондук соту. Гүлшайыр Абдирасулованын Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты