Сот Рита Карасартованын кармалышын негиздүү, бирок мыйзамсыз деп тапты

  • 4 недели мурун

16-апрелде саат 18:30да Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда белгилүү укук коргоочу Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча сот отуруму башталып, 17-апрелге караган түнгө чейин өтүүдө.

Сот укук коргоочу Рита Карасартованын кармалышын негиздүү, бирок мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук социалдык тармагында билдирди.

Сот отурумуна журналисттер киргизилген жок, үй-бүлөсү, жакындары гана киргизилди.

Сот андан ары Карасартованын бөгөт чарасын карап жатат.

Буга чейин Рита Карасартова 48 саатка камалган. Рита Карасартованы Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Рита Карасартованын айтымында, үйүн тинтүүгө ага жарыялооого жолдонгон активист Тилекмат Куреновдун аманат каты себеп болгон. Бирок Куренов катты СМС менен эле жибергенин, үйүндө катылуу эч нерсе жоктугун билдирди. Ал Фейсбук баракчасында Тилекмат Куренов жарыялоого жиберди деген кат жарыяланган. Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Кат БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.

Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.

14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.

Сүрөт: 16-апрель 2025-жыл. Свердлов райондук соту. Гүлшайыр Абдирасулованын Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты