2027-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогу жылдырылды
- 3 часа мурун
- Жаңылыктар
3-ноябрда Азия футбол конфедерациясы (АФК) Сауд Аравиясында 2027-жылы өтө турган Азия кубогун жаңы датага жылдыруу чечимин жарыялады.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматта бул чечим АФК тарабынан Азия кубогунун уюштуруу комитети жана Сауд Арвиясынын футбол федерациясы менен кеңири талкуу жана консультация жүргүзүүдөн кийин кабыл алынганы айтылат.
Алгач 2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин пландалган турнир эми 2027-жылдын 23-декабрынан 2028-жылдын 21-январына чейин өтөт. АФКнын Азия кубогун уюштуруу комитети аймактагы учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу, анын ичинде, олуттуу логистикалык кыйынчылыктар жана каттамдардын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу жагдайларды эске алуу менен, улуттук курама командалар арасындагы башкы мелдештин мөөнөтүн өзгөртүү чечимин кабыл алды. Турнирдин жаңы мөөнөттөрүн бекитүү үчүн ФИФАга сунушталат.
Бул мелдешке Кыргызстандын Улуттук курама командасы да катышат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




