Сот активист Тилекмат Куреновду камакта калтыруу чечимин кабыл алды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 21-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден  кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.)

Тактап айтканда, К.у.Т.  республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу,  бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен массалык башаламандыкты уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган.

Учурда К.у.Т.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.

Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.

Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновго (Тилекмат Кудайберген уулу) бийликти күч менен басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштуруу аракетине байланыштуу издөө жарыяланган.  Бул факты боюнча “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Сүрөт: УКМК тараткан сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты