Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүрүп жатканы кабарланды
- 2 недели мурун
Укук коргоочу Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасында жазды.
Тинтүү ким тарабынан жүргүзүлүп жатканы азырынча белгисиз.
Карасартованын айтымында, үйүн тинтүүгө ага жарыялооого жолдонгон активист Тилекмат Куреновдун каты себеп болушу мүмкүн. Бирок Куренов катты СМС менен эле жибергенин, үйүндө катылуу эч нерсе жоктугун билдирди.
Буга чейин Рита Карасартова Фейсбук баракчасында Тилекмат Куренов жарыялоого жиберди деген кат жарыяланган. Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген.
Куренов жубайына, ата-энесине, балдарына, бир туугандарына кат жолдогон. Апасына “ апа, кайраттуу болуңуз. Кайгыга салганым, кошомат менен жан бага албаганым үчүн мени кечириңиз” деп жазса, атасына “Билбейм, ичимдеги кандайдыр бир күч “күрөш” деп туруп алды” деп жазган.
Бүгүн, 14-апрелде, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.
Сүрөт: Интернет булактарынан