Рита Карасартованы клиникага алып чыгууга уруксат берилбегени айтылды
- 1 год мурун
СИЗО-1 жетекчиси белгилүү укук коргоочу Рита Карасартовага операциядан кийинки тигиштерин алдыруу үчүн клиникага алып чыгууга уруксат берген жок. Бул тууралуу анын кызы, Фейсбук колдонуучу Kasiet Mamyrbay билдирди.
“Мурун жазганымдай, апамдын жаагына оор операция жасалган. Негизи үч саатка созула турган операция, токтобогон кан агууга байланыштуу 8 саатка созулган. Операциядан кийин бир жума бою чыдатпагай, күнүнө 2-3 кетонал ичип, дээрлик ар түнү кан кайра-кайра аккандан, уктабай чыкчу. СИЗО жетекчиси дарыгерди мекемеге киргизүүгө макул экенин айтты. Бирок мындай шартта бул өтө кооптуу. Эгер кайра кан токтобой ага баштасачы? Ал жерде ушундай операцияларга ылайыктуу жабдуу барбы? Кимге кайрылса болот? Адамды 2-3 саатка клиникага алып келүү ушунчалык оорбу?» деп жазды Карасартованын кызы Касиет Мамырбай.
Белгилүү укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 17-апрелге караган түнү каралды. Сот Рита Карасартованы 2025-жылдын 12-майына чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Ушул эле күнү Свердлов райондук сотунда Рита Карасартованын кармалышы негиздүү, бирок мыйзамсыз деп табылды.
Буга чейин Рита Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынган. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.
Укук коргоочу Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.
Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Кат БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.
Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.
14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.
19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. (Кудайберген уулу Тилекмат — Куренов-ред.) аттуу КР жараны БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.
21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Сүрөт: 16-апрель 2025-жыл. Свердлов райондук соту. Рита Карасартова. Гүлшайыр Абдирасулованын Фейсбук баракчасынан.




