Экс-депутат Ирина Карамушкинага ырайым берилген жок

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинага ырайым берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына Карамушкинанын адвокаты Аскар Алымкулов билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ырайым берүүдөн баш тартуу 2026-жылдын 29-майында келген. Баш тартууну себеби айтылган эмес.

Жактоочунун айтымында, ырайым суроо өтүнүчү өткөн жылдын декабрь айында жазылган.

Ырайым берүүдүн баш тартуу себеби Ирина Карамушкинанын күнөөнүн мойнуна албагандыгы себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Карамушкина ырайым сураган кайрылуу катында соттор жабырлануучулардын Ирина Карамушкина барымтага алууга тиешеси жок экендигин эске алышкан эместиги айтылган. Анын конфискацияга алынсын деген үйү мыйзамдуу каражатка сатып алынган.

Ирина Карамушкина №2 аялдар абагында жазасын өтөп жатат.

2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) «Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мүчөсү Ирина Карамушкинага жана партиянын өкүлү Түрксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

2025-жылы 23-октябрда  Бишкек шаардык сотунда Кой-Таш окуясы боюнча иш каралып, Биринчи май райондук сотунун өкүмү дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкинага добуш сатып алуу боюнча кошумча жаза, жалпы 8 жыл мөөнөт берилди. Мурда ага чыгарылган пробация режими жоюлуп, үй мүлкүн конфискациялоо чечими кошулду.  

Сүрөттө: Ирина Карамушкина. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты