Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Раул Валленберг атындагы сыйлыгына татыктуу болду
- 3 недели мурун
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыкка татыктуу болду. Сыйлык Страсбург шаарында тапшырылды.
Европа кеңешинин билдирүүсүндө «Азиза Абдирасулова Борбор Азиядагы адам укуктарын коргоодогу системалык укук бузууларды аныктоодо башкы ролду ойноду» деп айтылат.
Сыйлык тапшыруу салтанатында Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Абдирасулованын тобокелдикке карабай адам укуктарын коргоп келатканын белгиледи.
Азиза Абдирасулова негиздеген “Кылым шамы” уюму адам укуктарын бузуу учурларын ашкерелегенин, жапа чеккендерге укуктук жардам бергенин, өлкөнүн ичинде жана сыртында таанылганын кошумчалады.
Валленберг атындагы сыйлык 2014-жылдан бери Швециянын бийлиги жана Венгрия парламентинин демилгеси менен эки жылда бир жолу тапшырылат.
Сүрөт: Европа Кеңеши
Муну бөлүшүү




