Сот Рита Карасартованы күнөөлүү деп, беш жыл пробация режимине чыгарды
- 9 месяцев мурун
Бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту укук коргоочу Рита Карасартованы күнөөлүү деп таап, ага беш жыл пробация режиминде жаза өтөөгө өкүм кылынды. Ошондой эле 50 миң сом айып пул салды.
Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдиржи.
Сот процесси жабык өттү. Сот Рита Карасартованы кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси массалык башаламандык жана 327-беренеси “бийликти күч менен басып алууга үндөө” беренелери менен күнөөлүү деп тапты.
Укук коргоочу Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынып, ошондон бери баш коргоо чарасы узартылып келген. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.
Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун укук коргоочунун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан




