СИЗОдогулар жакындары менен телефон байланышына укугу бар. Рита Карасартова сотко кайрылды  

  • 2 месяца мурун

Укук коргоочу Рита Карасартова убактылуу абак жайында, СИЗОдо жаткандарга жумасына бир жолу телефон аркылуу жакындары менен байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк берилбей жаткандыгына арызданып, Жаза аткаруу кызматы менен СИЗО жетекчилигинин үстүнөн арызданып, Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу Карасартова фейсбук баракчасында билдирди.   

-Убактылуу тергөө кармоочу жайда (СИЗО) кармалган адамдар жакындары менен бир жумада 15-мүнөттүк телефон аркылуу байланышка чыгууга укугу бар. Ошол укукту ишке ашыруу максатында бүгүн Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылууга мажбур болдум. Мен укук коргоочу болуп туруп, укугумду ишке ашыра албай кыйналдым, башкалардын арыздарын дегеле карабайт экен. Сот бийлиги, өлкөдөгү мыйзамдар сааттай тыкылдап иштеп туруу үчүн, бийликтеги аткаминерлерге карата чара көргөндөн тартынбай, чечим чыгарса сонун болот,-деди укук коргоочу.

Сүрөттө: Рита Карасартова. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты