УКМК: 50 миң АКШ доллар пара алууга шектелип, укук коргоочу кармалды
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 50 миң АКШ долларын опузалап алган укук коргоочу Н.Д.М. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Н.Д.М. аттуу жаран ар кандай мамлекеттик органдарда жабырлануучунун кызыкчылыгын коргоп, ишеним кат менен иш алып барып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын кызмат адамдары менен түзүлгөн келишимге таянуу менен кылмыш иши боюнча соттолуучулардын бирин камактан бошотуу шылтоосу аркылуу 50 миң АКШ долларын опузалап алганы аныкталган.
17-сентябрда Кыргыз Республикасынын жараны Н.Д.М. 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесине киргизилген.
Учурда тергөөнүн алкагында ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлеринин Н.Д.М. тарабынан опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




