Экс-депутат, белгилүү укук коргоочу Рамазан Дырылдаев дүйнөдөн өттү

Легендарлуу парламенттин экс-депутаты, белгилүү укук коргоочу Рамазан Дырылдаев 80 жашка караган курагында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу социалдык тармактарда кабарланды.   

Рамазан Дырылдаев акыркы убактарда ооруп жүргөнү, Түркияда, Анкара шаарында каза тапканы маалымдалды.

Рамазан Дырылдаев 1947-жылы 10-августтан Чүй облусунда туулган. 1969-жылы Новосибирск шаарындагы милиция мектебин аяктаган.

Дырылдаев Совет мезгилинде ички иштер органдарында эл аралык кылмыштарды иликтөө жаатында эмгек өтөгөн. 1992-1995-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган. 1995-жылдан баштап, Адам укугу боюнча эл аралык комитетинин Кыргызстан боюнча төрагасы болгон. 2002-жылы БУУнун атайын статусун алган.

Рамазан Дырылдаев укук коргоочу катары Кыргызстандын саясий-экономикалык турмушундагы көйгөйлөрдү көтөрүп келген. Айрыкча “Кумтөр” кени боюнча, андагы мыйзамсыздык боюнча талыкпай күрөшүп келген. “Кумтөр” боюнча парламенттик комиссиянын ишинде чоң салымы болгон. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышы боюнча коомдук комиссияны жетектеген.

Сүрөттө: Рамазан Дырылдаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты