“Кыргызстанда сөз эркиндиги бар”. Президент Садыр Жапаровдун сөзү чындыкка дал келбейт

15-16-декабрь күндөрү Бишкекте экинчи элдик курултай өтүүдө. Ага жер-жерледен шайланып келген 695 делегат катышып жатат. 

Президент Садыр Жапаров курултайда сөз сүйлөдү. Ал өлкөдө аткарылып жаткан иштер, экономикалык абал боюнча маалымат берип, курултайдын катышуучуларына кайрылуу жасады.  

Жапаров курултайдын делегаттарын кандай маселе болсо ачык айтууга чакырып, “Кыргызстанда сөз эркиндиги жана адам укуктары бар. Мындан ары да сакталат”, — деп сөзүн жыйынтыктады. 

“ПолитКлиника” медиасы Садыр Жапаровдун сөзүн текшерип көрдүк.

Адам укуктары жана сөз эркиндигинин абалы кандай? 

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жыл сайын өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинин абалына сереп салып,“Басма сөз эркиндигинин” дүйнөлүк рейтингин түзүп келет. 2022-жылга карата, Кыргызстан басма сөз эркиндиги индексинин дүйнөлүк рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен 72-орунда турган. Бирок 2023-жылга карата былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 122-сапка жайгашкан

“Кыргызстанда сөз эркиндиги бар”. Президент Садыр Жапаровдун сөзү чындыкка дал келбейт
2022-жыл
“Кыргызстанда сөз эркиндиги бар”. Президент Садыр Жапаровдун сөзү чындыкка дал келбейт
2023-жыл

Аталган рейтинг боюнча, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө караганда жогору. Казакстан 134-орунда, Өзбекстан 137, Тажикстан 153-орунда, ал эми Түркмөнстан 176-орунда турат.

Анткен менен, аталган өлкөлөрдүн рейтингдеги орду башка жылдарга салыштырмалуу чоң айырма көрсөтпөгөнү да байкалат. Кыргызстан рейтингде бир жылдын ичинде 50 орунга ылдыйласа, ал эми Казакстан 12, Өзбекстан 4, Тажикстан 1 орунга ылдыйлаган. Түркмөнстан болсо, тескерисинче 1 орунга жогору чыккан. 

Кыргызстанда соңку жылдары көз карандысыз ЖМКларга, журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге болгон басым күч алды. Бул тууралуу эл аралык уюмдар журналист, активисттерге, ЖМКларга карата коркутуулар, козголгон кылмыш иштери, өлкөдөн мыйзамсыз чыгартылышына байланыштуу кайрылууларда айтып келишет

Журналисттерге болгон басым

Алсак, 2022-жылы Бишкек шаардык сотунун чечими менен иликтөөчү журналист иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн күч менен чыгарылды

Ага карата кылмыш иши 2022-жылдын башында козголуп, “маски-шоу” менен коштолгону дагы белгилүү. Темиров башында мыйзамсыз маңзат сактоого айыпталып жаткан болсо, кийин ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди жасалмалоо” жана “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренелери боюнча дагы иш козголгон.

Сот журналистти эки эпизод менен актап, үчүнчү иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Темиров жазадан бошотулган. Буга карабай апелляциялык стадияда шаардык сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. 

Freedom House эл аралык уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик — 2023” докладында Кыргызстан үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кирди. 

“Кыргызстанда сөз эркиндиги бар”. Президент Садыр Жапаровдун сөзү чындыкка дал келбейт

Уюмдун Европа жана Евразия боюнча улук илимий кызматкери Майкл Смельцер Кыргызстанда “Азаттыкка” болгон куугунтук жана Болот Темировдун депортацияланышынын мисалында сөз эркиндигине кысым болуп жатканын байкашканын айткан.

Көз карандысыз медиалардын сайттарынын бөгөттөө жана соттук иштер

2022-жылы октябрь айында “Азаттык” медиасынын сайты “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде бөгөттөлүп, 9 ай Кыргызстандын аймагында ачылбай турду. Кийин Маданият министрлигинин арызынын негизинде “Азаттыктын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу аракети болду. 

28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазган. Арызда жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискредитациялоого багытталып, бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтар басымдуулук кылары айтылган.

Сентябрь айында бир катар интернет провайдерлер «фейктер жөнүндөгү» мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып “Клооптун” сайтын бөгөттөгөн. Ал эми басылманын кыргыз тилиндеги сайты Маданият министрлиги тарабынан ноябрь айында бөгөттөлдү. Учурда бөгөт алына элек. 

Басылманы жабуу аракетин эл аралык уюмдар, көз карандысыз ЖМКлар жана жарандык активисттер сөз эркиндигине болгон басым катары баалашты. 

Сот процесси 12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда улантылып, Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынды. Учурда сот иши токтоп турат. 

2023-жылдын февраль айында ЭлТР мамлекеттик телеканалы  “ПолитКлиника” медиасынын үстүнөн сотко арыз менен кайрылган.  Буга “ПолитКлиника” медиасынын ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен жарыялаган материалы себеп болгон. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген. 

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып, аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылган. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. 

25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ЭлТРдин “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгып, сот доогердин суранычын жарым-жартылай канааттандырды

2023-жылдын январь айында «Вечерний Бишкек» «Кактус Медиа» басылмасынын үстүнөн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган

Басылма «Кактус Медиада» жарыяланган макаладагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, андагы маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

«Вечерний Бишкек» соттон «Кактус Медиадан» жалпы 50 миллион сом кенемте өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

23-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Вечерний Бишкек» гезитинин «Кактус Медиа» сайтына каршы доо арызы каралып, сот чечим чыгарган. «Кактус медиасынын» жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды. Кабарчы 500 миң сом, «Промедиа Плюс» коомдук фонду 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик алым төлөө талабы да коюлган.

“Кактус” райондук соттун чечими боюнча шаардык сотко даттанган. 4-сентябрда болуп өткөн сот отурумунда, Бишкеке шаардык соту Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

10-ноябрда иш Жогорку сотто каралып, шаардык соттун чечими күчүндө калтырылды

Жарандык активисттерге козголгон кылмыш иштери 

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаров адегенде өкмөттү жетектеп, анан президент болуп шайланганда, озү да «саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун» белгилеп, эми андайга жол берилбестигин айткан эле:

“Саясий куугунтук кылгандан, бирөөлөрдү камагандан, түрмөлөрдү толтургандан эч кандай пайда таппайбыз. Муну мен адилетсиздикти, мыйзамсыздыкты көргөн, бир эмес, эки жолу камалып чыккан киши катары жакшы билем. Мен аны жон терим менен сезген адаммын. Ошону үчүн саясий куугунтук, журналисттердин, жарандардын пикири үчүн куугунтук болбойт. Мурда Фейсбуктагы посту үчүн кечирим суратышчу, мындан ары андай болбойт”,- деп билдирген эле ал.

Андан берки үч жыл ичинде эле 30га жакын активиттер суракка чакырылып, иш козголуп, кээ бирлери камакка алынган. “Азаттык” медиасы алардын тизмесин аныктады

2023-жылы 23-августта жазуучу жана активист Олжобай Шакир камакка алынган. Жактоочу Бакыт Автандил жазуучуга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып тагылып жатканын билдирген. 

“Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келген, бул боюнча эксперттик корутунду да чыккан” делип, кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда сот процесси жүрүүдө.

Ал эми желектин өзгөрүшүнө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков бир нече жолу суракка чакырылып, 7-декабрь күнү камакка алынды. 8-декабрда Свердлов райондук сотунда активисттин баш коргоо чарасы каралып, 7-февралга чейин камакта калтырылды. Жоробековго дагы ““Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылууда. 

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстан адам укуктары боюнча декларацияны сактабай жатканын белгилейт. Анын айтымында, Баш мыйзамда каралган адам укуктарын бузуу эл аралык мыйзамдарда оор кылмыш катары каралып, жазасы катуу болот. 

“Сөз эркиндиги боюнча 20-беренеде “ар бир адам өз оюн эркин айтууга укуктуу” деп жазылган. Бирок азыр андай эмес, сөз сүйлөгөндүн баарын камап, иш козгоп атат. 19-беренеде тынч жыйындарды өткөрүү укугу каралган. Бирок Бишкек шаары, Кара-Кулжа, Өзгөн жана башка жерлерде буга тыюу салып койду. Эл аралык мыйзамдар боюнча бул оор кылмыш, жазасы катуу. Андан тышкары сот чечими чыкканга чейин адамдарды күнөөлөгөнгө болбойт. Ошого карабастан “булар мамлекеттик төңкөрүш кылганы атат, кылмышкер” деп алдын ала айтып чыгып атышат. Албетте кандайдыр бир деңгээлде экономикалык-социалдык абал жакшырды, бирок саясий укук, адам укуктары тебеленүүдө”, — деп айткан Турсунбек Акун. 

Адам укуктары күч органдары тарабынан бузулган учурлар 

Адам укуктары мамлекеттик органдар тарабынан бузулган учурлар да бар. Мисалы, УКМК интимдик кызмат кызмат көрсөтүү жайларынан кармалган кыздардын сүрөттөрүн ачык жарыялап, мындай кызмат көрсөтүү жазалана турганын эскерткен. 

“ПолитКлиника” медиасы рейд учурунда кармалып, “сойкулук менен алектенүүгө” айыпталган кыздардын жүзүн ачык жарыялоо Баш мыйзамдын бир канча беренесине каршы келерин аныктап чыккан. Аны менен катар адамдардын жүзүн ачык жарыялоо Адам укуктарынын жалпы декларациясындагы нормаларды бузат

Жогоруда сөз болгон Болот Темировдун өлкөдөн чыгартылышы да адам укуктарынын нормаларына каршы келет. Анткени жалпы декларацияда ар бир адам жашай турган жерин өзү аныктары, өлкөдөн чыгып, кайра кайтып келүүдө эркин экени жазылган

“Кыргызстанда сөз эркиндиги бар”. Президент Садыр Жапаровдун сөзү чындыкка дал келбейт

Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы адам укуктары жана сөз эркиндигинин абалына байланыштуу тынчсызданууларын байма-бай билдирип, бийликти адам укуктарын сактоого үндөп келишет

Жыйынтык: Кыргызстанда соңку жылдары адам укуктары жана сөз эркиндигинин абалы начарлап бара жатканын дүйнөлүк рейтинг көрсөтөт. Ал эми адам укуктары мамлекеттик органдар тарабынан бузулган учурлар катталган.  Демек, президент Садыр Жапаровдун Элдик Курултайдагы сөзү чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты