«Вечерний Бишкек» «Кактус Медианы» сотко берди

  • 1 год мурун

«Вечерний Бишкек» басма үйү» жабык акционердик коому «Кактус Медиа» басылмасынын үстүнөн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди.

Басылма билдиргендей, арызга «Кактус Медианын» «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы тууралуу макаласы себеп болгон.

«Биринчи май райондук сотуна арыз берүүгө «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана кызматкерлеринин жумуштан айдалганы тууралуу макала себеп болгон. Келтирилген доонун суммасы – 50 миллион сом», — деп билдирди «Кактус Медиа».

Маалымат сайты «Вечерний Бишкек» доонун 25 миллион сомун журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана басылманын ээси Дина Масловадан өндүрүүнү өтүнгөн. Калган 25 миллион сомду басылманын өзүнөн талап кылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты