УКМК “сойкулук менен алектенет” делген кыздардын сүрөтүн жарыялады. Бул Баш мыйзамдын бир канча беренесин бузат (Фактчекинг)

27-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Чүй облусунда жана Бишкек шаарында 10 интимдик кызмат көрсөтүү жайы жана бир салон аныкталып, ишине бөгөт коюлганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, интимдик кызмат кызмат көрсөтүү жайларынан жалпы 18 жаштан 25 жашка чейинки 67 кыз кармалган. УКМК кармалган кыздардын сүрөттөрүн ачык жарыялап, мындай кызмат көрсөтүү жазалана турганын эскерткен.

Бул коомчулукта түрдүү реакцияларга жол ачты. Көпчүлүгү УКМКнын бул кадамы этикага жана моралга туура келбегенин айтышса, кээ бирлери интимдик кызмат көрсөтүү маселеси дал ушундай жол менен гана чечиле турганын айтышкан. 

УКМК “сойкулук менен алектенет” делген кыздардын сүрөтүн жарыялады. Бул Баш мыйзамдын бир канча беренесин бузат (Фактчекинг)

ПолитКлиника” медиасы интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып, сүрөттөрү ачык жарыяланган кыздардын укуктары мыйзамда кандай каралганын анализдеп көрдү. 

Камчыбек Ташиев: “Айрыкча студент кыздарыбыз бузулуп кетти…” 

13-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн үлпөт салону аныкталганын жана ишине бөгөт коюлганын билдирген. Маалым болгондой, салондо 30дан ашуун кыз иштеген, алар бул ишке коркутуу, шантаж жана каржылык көз карандылык менен тартылышкан. 

УКМК “сойкулук менен алектенет” делген кыздардын сүрөтүн жарыялады. Бул Баш мыйзамдын бир канча беренесин бузат (Фактчекинг)

Бул маселеге атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда Панфилов районундагы УКМКнын жаңы бөлүмүн ачуу аземинде токтолуп, маселе менен күрөшүү керектигин билдирген.

“Ата-энелерге жана коомчулукка жеткизип айтып коюшубуз керек. Биз айтпасак ким айтат? Биз айтсак, ата-энелер менин да кызым бар эле, окуп жаткан кыз студенттерим бар эле деп көңүл буруп калышат деген үмүттөмүн. Себеби, акыркы убактарда биздин кыздарыбыздын жүрүм-туруму өтө бузулуп кетти. Айрыкча, студент кыздарыбыз. Айылдан окуйм деп ата-энесинин акчасын алып келип, анан сойкулук менен машыгып (ред.алектенип) кетип жатышат. Жакында эле биз сырты үлпөт салону болгон, бирок ичинде башка иштер менен алектенген 30дан ашык кызды аныктадык. Кыздардын 98%ы же 29у айылдан келген студент кыздар болуп чыкты. Айыл жерлеринен келген студенттер окуйм деп ушул жерге келип, ата-энесин алдап ушундай иштер менен машыгып (ред. алектенип) жатышат. Бул бир эле жерден тапканыбыз. А мындайлар канча? Бул бир эле шаарда. А дагы канча шаар бар!? Кээ бир жерде, райондордо үйлөрдө ушундай жерлерди жасап алып атышат. Ушул маселеге көңүл бургула. Айла жок күрөшүшүбүз керек муну менен дагы. Себеби, кыз бала биздин улуттун, Кыргызстандын келечеги”, — деп айткан Ташиев. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2013-жылы 7 миң 100 интимдик кызмат көрсөткөн кыз катталган. Андан бери бул маалымат жаңылана элек жана азыркы учурда чыныгы абал кандай экени белгисиз.

Мыйзам баарына бирдей, бирок сойкуларга эмес 

Кыргызстанда сойкулукка тартуу жана көмөктөшүү Кылмыш-жаза кодексинин 24-глава —Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар” менен жөнгө салынат. 

УКМК “сойкулук менен алектенет” делген кыздардын сүрөтүн жарыялады. Бул Баш мыйзамдын бир канча беренесин бузат (Фактчекинг)

Аталган мыйзамдын 159-беренесине ылайык, адамдарды сойкулукка тарткан адам же топ 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. 

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде сойкулук кылууга көмөктөшүү же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштургандарга

100 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. 

Башкача айтканда, мыйзам тарабынан сойкулук менен алектенген жеке инсандарга карата жоопкерчилик каралган эмес. 

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жоопкерчиликке сойкулук кылууга тарткандар эле тартылат.

Жеке эркиндикке жана конфеденциалдуулукка болгон укуктары бузулган 

“Эгерде сойкулук менен алектенген жеке адамдарга (кыздарга) мыйзам тарабынан белгилүү жаза каралбаса,алардын сүрөттөрү эмнеге жарыяланды?” деген суроо жаралат. 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылы 5-май күнү кабыл алынган Конституциясында жарандардын базалык жана жалпы укуктары жазылган.

Баш мыйзамдын 29-беренесине ылайык, ар бир адам жеке турмушунун кол тийгистигине, абийиринин жана ар-намысынын корголушуна укуктуу.

УКМК “сойкулук менен алектенет” делген кыздардын сүрөтүн жарыялады. Бул Баш мыйзамдын бир канча беренесин бузат (Фактчекинг)

Аталган берененин төртүнчү бөлүгүнө ылайык, адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматарды сактоого жана таратууга жол берилбейт.  

Ал эми жүзү ачык сүрөттөрү жана жеке документтери менен кошо таратылган маалыматтар аталган берененин 29-беренесине каршы келет.

Анткени дал ушул эле Баш мыйзамдын 57-беренесине ылайык, соттун расмий чечими жок туруп тараптар кылмыш же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт.

УКМК “сойкулук менен алектенет” делген кыздардын сүрөтүн жарыялады. Бул Баш мыйзамдын бир канча беренесин бузат (Фактчекинг)

Эгерде адамдын жеке эркиндигине каршы келген жагдайлар боло турган болсо, каршы тарапты сотко берүүгө жана компенсация өндүрүү укугу да каралган. 

Тактап айтканда, жүзү ачык таратылган сүрөттөр адамдын жеке эркиндикке жана купуялуулукка болгон укуктарына каршы келет.

Эмне үчүн адамдардын жүзүн жаап беришет? 

Кыргызстандын жана дүйнөдөгү дээрлик бардык мамлекеттердин жазык практикасында кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда жүзү жаап берилет.

Бул адамдын жеке жашоосуна залал келтирбөө үчүн жасалат. 

Мисалы, 2023-жылы 5-июнда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөткөн вебкам студияларын түзүүгө айыпталган Даниел Ажиев  Өзбекстанда кармалган.

УКМК “сойкулук менен алектенет” делген кыздардын сүрөтүн жарыялады. Бул Баш мыйзамдын бир канча беренесин бузат (Фактчекинг)

Даниель Ажиев 18 жаштан 30 жашка чейинки 300дөн ашык кызды вебкам студияларында иштөөгө тартканы айтылган. Ажиев буга чейин да бир катар окуялары менен белгилүү болсо да, кармоо учурунда жана андан кийин да анын жүзү жабылып берилген. 

Башкача айтканда, Кыргызстанда сойкулук менен күрөшүү үчүн кыздардын жүзүн ачып берүү буга чейин таптакыр колдонулбаган ыкма.

Жыйынтык: Рейд учурунда кармалып, “сойкулук менен алектенүүгө” айыпталган кыздардын жүзүн ачык жарыялоо Баш мыйзамдын бир канча беренесине каршы келет.  

ФОТО: ILLUSTRATSIOON: AILI VÄRONEN

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты