OCCRP,  Temirov Live жана “Клооп” өкмөт демилгелеген ири долбоорлор тууралуу иликтөө жарыялады

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP), Temirov Live жана “Клооп” Кыргызстандагы ири долбоорлор жөнүндө биргелешкен иликтөө жарыялады.

Материалдарын OCCRP англисче жана орусча жарыялады, Temirov Live видео тасма чыгарды, “Клооп” текст түрүндө кыргызча жана орусча жайгаштырды.

Үч медианын журналисттери наркы 137 млн долларга жакын, өкмөт демилгелеген кеминде 11 ири долбоорду аныкташкан. Алты долбоордун баасы 137 млн АКШ доллар, калган беш долбоорго канча каражат бөлүнгөнү белгисиз.

Журналисттер ушул долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компанияны дагы аныктап чыгышты. Адар өз ара катыштыгы бар, жетекчилиги, же менчик ээси Жапаров, же президенттик иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев менен байланышы бар. Маалымат булактары OCCRP’ге Туманбаев бул компанияларды жашыруун башкарарын билдиришкен.

Иликтөөдө айтылган ири долбоордун ичинде Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин салынып жаткан темир жол үчүн шпал даярдоо, чек ара жаңжалынан кийин Баткен облусунда турак жай салуу, президенттин жаңы администрация имаратын куруу, Каракол аэропортун жаңылоо, “Асман” шаарын куруучулар үчүн жатакана салуу, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында үйлөрдү салуу, Ысык-Көлдөгү балдардын реабилитациялык борборун оңдоо, “Ала-Арча” улуттук паркына конок үйлөрдү салуу, Ысык-Көлдөгү Жыргалаң курортун реконструкциялоо жана Бишкектеги ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча эки долбоор аталган.

Иликтөөдө OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” мында сөз болгон маселеге байланыштуу президенттин администрациясынан жана Президенттин иш башкармалыгынан комментарий ала албаганын билдиришкен.

Иликтөө жарыкка чыккандан кийин президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков иликтөөгө мындай жооп берген.

“Клооп” менен журналист Болот Темиров буга чейин да көп жолу жалган айыптоолорду, такталбаган маалыматтарды жарыялап келишкен. Бири өлкөдөн чыгарылган, экинчиси мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген маалыматтары үчүн ишмердүүлүгү токтотулган. Алардын кезектеги иликтөөсү каралоо максатында даярдалган деп белгилейм. Келтирген аргументтери өңчөй манипуляция. Чынын айтыш керек, буларга эч ким ишенбейт. Себеби, мамлекетте жасалып жаткан иштердин натыйжаларын эл көрүп жатат. “Клооп”, Темировдор буга чейин дагы калптарды жазып келген, мындан ары дагы уланта беришет. Буга жакшы жооп бар, “ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Жетекчибиз дагы, мындан кийин Болот Темиров сыяктуу жалганчыларга эч кандай реакция жасап, алаксыбагыла деген багыт берген. Андыктан бул иликтөөгө көңүл буруунун да кереги жок” деди Орунбеков “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Бул долбоорлордун айрымдары боюнча «Азаттык» да иликтөө жүргүзгөн.

Сүрөт: OCCRP

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты