УКМК Олжобай Шакирдин камалышы боюнча билдирүү таратты

  • 9 месяцев мурун

УКМК жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин 2 айга камалышы боюнча билдирүү таратты.

Анда Кыргызстандын жараны «Э.О.» социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары «Facebook», «TikTok» и «YouTube» баракчаларында мыйзамга баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка үндөгөн провокациялык маанайдагы билдирүүлөрдү таратканы аныкталганы айтылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, жазуучу тараткан маалыматтарда масссалык баш аламандык жаратуу, бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырыктар бар экендиги тууралуу эксперттик корутунду алынган. Анын негизинде Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-пункту «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар» боюнча айып тагылган.

24-августта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Олжобай Шакир ага коюлуп жаткан айыптар тууралуу жактоочусу аркылуу билдирүү жасай турганын кабарлады.

23-августта Олжобай Шакирдин дайынсыз жоголгонун жакындары айтып чыгышкан. Кечки саат 20:30дарда укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова жазуучу УКМКга жеткирилгенин жазды.

21-августта Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.

Эске салсак, 17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тарады. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пансионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты