Олжобай Шакир 48 саатка камакка алынды

  • 9 месяцев мурун

Жазуучу жана активист Олжобай Шакир 48 саатка камалды. Бул тууралуу жактоочусу Бакыт Автандил билдирди.

УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал бизге кеч маалым болуп, саат 8дерде кирдик. Коюлган айып боюнча айта кетсем. “Жапырт башаламандыкка чакырган, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырган” дейт. Ошондой эле “бийликти басып алууга аракет кылган” деген такыр эле негизгиз айыптоолор менен айыпталып жатат. Олжобай Шакир онлайн тынчтык митингге чакырып жаткан. Азыр акылга сыйбаган айып коюлду”, — деди адвокат.

Анын бөгөт чарасы 24-августта түштөн кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Бүгүн, 23-августта Олжобай Шакирдин дайынсыз жоголгонун жакындары айтып чыгышкан. Кечки саат 20:30дарда укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова жазуучу УКМКга жеткирилгенин жазды.

21-августта Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.

Эске салсак, 17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тарады. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пасионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты