«Клооп» сайтын бир нече провайдер бөгөттөгөнү кабарланды

  • 8 месяцев мурун

«Клооп» басылмасы 13-сентябрда бир катар интернет провайдерлер «фейктер жөнүндөгү» мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн kloop.kg жана ky.kloop.asia сайттарын бөгөттөгөнүн жазды.

Маалыматка караганда, алардын арасында «О!» уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бар.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик атайын кызмат «бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп кайрылганын билдирип, аны өчүрүүнү талап кылган.

12-сентябрда «Клооп» сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. “Албетте, биз эч бир материалды өчүрбөйбүз. Биз ал жаңылыкта чындыкка коошпогон маалымат бар деп эсептебейбиз.  Бийлик биздин ооз ачпай калуубузга кандай аракет жасап жаткандыгы андан да шектүү болуп жатат. Биз мурда эле бийликтин бизди бөгөттөөсүнө даяр болчубуз. Ошондуктан “Клооп” сайтынын башкы барагында жыл башында эле, эгер биздин сайт бөгөттөлүп калса, биздин бөгөттөлбөй турган күзгүдөн окугула” деп берип жатабыз.   Биз Кыргызстандын бийлигинин чечимдерин бардык деңгээлде коргойбуз” деп жазылган.

Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп» басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда «Клооп» басылмасы «азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы» жазылган.

Медиа коомчулук прокурордун кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты